Жаңылыктар
Түркияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өттү
Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата улуу жазуучунун айкели тургузулган анын атындагы эс алуу багында эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Билал Чакыжы, Анкарадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, студенттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты. 

Иш-чарада элчи Өмүралиев сөз сүйлөшүп, анда Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулган авторлорунун бири болгонун, ошондой эле кыргыз, түрк жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкондугун белгилешти. Иш-чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюлду.