Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан, Үчбай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.