Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров АКШнын Президенти Джо Байденге көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров АКШнын Президенти Джо Байденге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.