Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында геологиялык үлгүлөрдүн жана элементтердин тобун изилдөөчү сынамак лабораториянын ачылышына катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, лабораториянын иши геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттуу тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумуш орундарды түзүү менен өлкөдөгү өнөр жай борборунун бири – Кара-Балта шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошот. Иш-чарага ошондой эле Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси катышты. Акылбек Жапаров республика экономикасы өнүккөн жана алдыңкы билим берүү тутумуна ээ Финляндия менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты.
Маалымат үчүн кошумчалай кетсек, сынамак лаборатория геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көз карандысыз аналитикалык лаборатория. Анын негизги иш багыттары - техникалык сыноо жана геохимиялык анализдер, үлгүлөрдү изилдөө жана металлургиялык сыноо.