Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын тургунуна тиешелүү «Опел» үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган 7 кг салмактагы баңгизат табылып алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңгизат кара куурай экени аныкталды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
УКМК тарабынан “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын түрлөрүн сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренесинин негизинде каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.