Россия өкмөтүнүн колдоосу менен берилип жаткан гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы Кыргызстанга алынып келинди.
Учурда ал Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына түшүрүлдү. Жардам азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча улуттук программа аркылуу 40 миң үй-бүлөгө жана 78 миң бала окуган мектептерге таратылат. Тагыраагы, жардамга муктаж болгон ар бир үй-бүлөгө үч каптан ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет.
Бул Россиянын колдоосу менен аткарылып жаткан БУУнун Азык-түлүк программасы жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор коомчулуктун социалдык жана экономикалык туруктуулугун жогорулатууга жана калктын аярлуу катмарынын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталат.