Бишкек шаарында кошумча балдар ооруканасы ачылды. Буга чейин Дарт аныктоо борбору катары иштеген имараттын эскилиги жетип, андагы медициналык жабдыктар жараксыз абалда болгондуктан бир нече убакыттан бери имаратты балдарга ылайыктап жасоо иштери уланып келген.
Азырынча 150 орунга ылайыкташтырылган. Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлиги бюджеттен каражат албай туруп бардык маселелерди жеке каражаттын эсебинен чечти. Келерки жылдын бюджетине киргизилип, калган бөлүктөрү толук оңдоодон өтөт. Азыркы тапта борбордо калктын саны 1,5 млнго жакындап, №3 шаардык оорукана менен Эне жана баланы коргоо борборунда ооруган бөбөктөрдүн саны көп болгондуктан балдар оорукананын кире беришиине чейин убактылуу керебетте жатууга аргасыз болууда.
Учурда шаарда балдар арасында мезгилдүү сасык тумоо менен өпкөнүн кагынуусу кошулган илдет жүрүп жатат. Ага карата күн сайын кайрылган балдардын саны көп болгондуктан Саламаттык сактоо министрлиги бул имаратты дайыма балдарды дарылай турган оорукана катары колдонууга аргасыз болушту.