Кыргызстандын Акыйкатчы институту мамлекеттик мекемелердин жана эл аралык уюмдардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн чогултуп, адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата атайын жыйын уюштурду.
Анда өлкө ичиндеги укук талаасындагы жагдай талкууга алынып, кандай кемчилик, ийгиликтер менен коштолуп жатканына баа берилди. Кыргызстанда адам укугунун корголушу боюнча буга чейинки ишмердүүлүккө баа берилип, алдыга койгон максат, пландары тааныштырылды. Адистер менен жарандык активисттер өздөрүнүн ой-пикирлерин ортого салып, укук коргоо жаатындагы жагдайды жакшыртуу жолдору айтылды.