Жаңылыктар
“Элдин биримдиги ар түрдүүлүктө” долбоору өз натыйжасын берди
Кыргызстан жаңылыктары
“Элдин биримдиги ар түрдүүлүктө” долбоору өз натыйжасын берди

Кыргызстандын аймактарын камтыган “Элдин биримдиги ар түрдүүлүктө” долбоору өз натыйжасын берди. 

Долбоордун жетекчисинин айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин, жооптуу катчылардын, коммерциялык эмес уюмдардын, диаспоралардын өкүлдөрүнүн жана этникалык жамааттардагы аялдардын дараметин көтөрүү жаатында алгылыктуу иштер аткарылган. 1 миңге жакын аял мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү, аялдардын укуктары, адам укуктары боюнча сабаттуулукту жогорулатуу жана аялуу катмардагы аялдарды окутуу, аларга юридикалык, психологиялык кенештерди берүү максатында иш алып барган.