“Мектепке электрондук кабыл алуу” системасынын натыйжалары тууралуу борбор калаада өткөн жыйында сөз болду. 2021-2022-окуу жылына карата балдардын 1-класска кабыл алынышы боюнча “Стратегиялык чечим” коомдук фондусу талдоо жүргүзүп, анын жыйынтыктары туурасында жыйындын катышуучуларына маалымат берди.
Иш-чарага коомдук уюмдардын өкүлдөрү, серепчилер, юристтер жана билим берүү тармагынын кызматкерлери чакырылган. Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникованын айтымында, 2019-жылы киргизилген автоматтык маалыматтык тутум - коррупциялык схемаларды азайтууга, орундарга муктаж болгон балдардын толук эсебин алууга, автоматтык режимде маалыматтарды чогултууга жана баланы мектепке киргизүүнүн ыңгайлуу тартибин түзүүгө өбөлгө болууда.