“Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов”. Улуттук китепканада дал ушундай аталыштагы адабий саамалык өттү.
Залкар жазуучунун 12-декабрь туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына мектеп окуучулары катышып, Айтматовдун жолу, чыгармачылыгы даңазаланды. Китепканада жазуучунун китеп, сүрөт көргөзмөлөрү да уюштурулган.