Бишкек шаарындагы Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундарына кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорттору бериле баштады.
Жаңы конуштун алгачкы 10 тургунуна документтерди бүгүн калаа мэри Айбек Жунушалиев тапшырды.
Жаңы конуштагы турак жайлар санитардык коргоо зонасынын аймагында жайгашкандыктан, жашоочулар 15 жылдан бери жер тилкелерине жеке менчик укугуна мамлекеттик актыларды ала албай келишкен.