Ички иштер министрлигинин республикалык окуу борборунда “Биз коррупцияга каршыбыз!” аталышындагы сынак уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара 9-декабрь - Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналат. Сынакта талапкерлер коррупцияга каршы өздөрүнүн чыгармачылыгы менен даярдалган ой-толгоолорун, көз караштарын дубал гезиттерине чагылдырып, маанисин түшүндүрүп беришти.