Өлкөдө 9-декабрга карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды. Республикалык штаб берген маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында - 41, Ош шаары - 2, Чүй облусунда - 16, Ош дубанында - 1, Ысык-Көл аймагында - 5, Баткенде- 1 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 365 бейтап, амбулатордук түрдө 347 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 810 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 851 киши айыгып чыкса, 2 миң 764 адам каза болду.