Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундарына кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорттору бериле баштады.
Алгачкы документ күн мурун катталып, мамлекеттик каттоо кызматы менен Ленин райондук акимиатынын кызматкерлери бирге иш алып барууда. Эске салсак, 18-ноябрда Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен Президент Садыр Жапаров жолугуп, шаардыктар турак жай аянты санитардык коргоо зонасынын аймагында жайгашкандыктан 15 жылдан бери жер тилкелерине жеке менчик укугуна мамлекеттик актыларды ала албай жүргөндүгүн айтышкан. Буга байланыштуу алар мамлекеттик кызматтарды алууда каттоонун жоктугунан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп келишкен.
Жаңы конуштун тургундарынын кайрылуусунан кийин Президент Садыр Жапаров тиешелүү адистер жер-жерлерге барып, маселени иликтеп, кырдаал боюнча маалымат берерин убада кылган жана андан кийин тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирген. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, техникалык паспорт укуктун документи эмес - бул үйдүн техникалык мүнөздөмөлөрү гана көрсөтүлгөн документ. Техникалык паспортко объекттин экспликациясы жана планы тиркелет.