Жаңылыктар
Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аталган Жарлык жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол-транспорт кырсыктарынын кесепеттерин азайтат. Документке ылайык, жол кыймылынын коопсуздугу Кыргызстандын маанилүү социалдык-экономикалык жана демографиялык маселелеринин бири болуп саналат. Жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу, жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу - жарандардын бакубаттыгынын, алардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосунун милдеттүү шарты.Автомобиль транспортунда аварияга учуроо жалпысынан коомго, ошондой эле айрым жарандарга олуттуу материалдык жана моралдык зыян келтирет. Жол-транспорттук жаракат алуу эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын өндүрүш чөйрөсүнөн чыгып калуусуна алып келип, бул социалдык бюджетке күч келтирет. 

Балдар өлүмгө учурап, майып болуп калууда. Акыркы жылдары Кыргызстанда оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыгынын өсүү тенденциясы байкалууда. Бул тенденцияга бир катар факторлор, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын санынын көбөйүшү, Жол кыймылынын эрежелерин сактабоо, ошондой эле айдоочулардын бу тармакта сабатынын төмөндүгү таасир этет. 2010-жылдан тартып республиканын аймагында 73 миң 851 жол кырсыгы катталган, анда 11 миң 144 адам каза болуп, 109 567 адам ар түрдүү жаракат алган.