Борбор калаада окуу китептердин сапатын жакшыртуу боюнча республикалык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Катышуучулар бул багытта кандай иштерди алып баруу керектиги боюнча сунуш-пикирлерин айтып, ой бөлүштү. Иш-чара окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча адистердин тажрыйба алмашуусу аркылуу өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөйт. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып, авторлордун жана автордук жамааттардын электрондук жана басма окуу материалдары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн кароого мүмкүндүк берет.
“Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлекция” аталышындагы иш-чара эки күнгө созулуп, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө уюштурулду.