Жаңылыктар
Ошто жол жээктери иретке келтирилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто жол жээктери иретке келтирилүүдө

Ноябрь айынын орто чендеринде башталган “Көчө соода-сатыгы” аталышында рейд жыйынтыкталды. Анда, унаалар каттоочу жол жээктерине же, жөө жүргүнчүлөр басчу тротуарга жайгашып алган соодагерлерге карата эскертүү берилди. 

Текшерүү адамдар менен унаалардын кыймылы эң көп катталчу Курманжан Датка, Мамыров жана Ленин көчөлөрүнүн аймагында жүрдү. Жыйынтыгында, мыйзамсыз иш аракеттерин жүргүзгөн 35 сатуучуга эскертүү кагаздары берилди. 

Экинчи ирет тартип бузган соодагерлер жаңы административдик укук бузуу кодексинин негизинде айып пулга жыгылаарын, жол тескөөчүлөр эскертет.