Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Окуу планына ылайык, мектеп окуучулары 12 күн эс алышат. Үчүнчү чейрек келерки жылдын 12-январында башталат. Эске салсак, республикада 2021-2022-окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылган. Бийлик мындай кадамга педагогдордун көбүн эмдөөдөн өткөрүү үчүн жана жайкы туристтик сезонду узартуу максатында барган.