Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жылына 1200дөн ашуун өспүрүм жеткирилет.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, алар негизинен адашкан, үйдөн жана балдар мекемелеринен ɵз алдынча кетип калган, издɵɵдɵ жүргɵн жана ата-энелери же аларды алмаштырган адамдары жок, мамлекеттин жардамына муктаж болгон 3төн 18 жашка чейинки балдар.
Жашы жете электердин ɵздүгүн, ата-энелердин жашаган жерин тактоо, ошондой эле мамлекеттик чек аралардан ɵтүүдɵ талап кылынуучу документтерди аныктоо максатында, тиешелүү кызматкерлер КМШнын компетентүү органдары менен тажрыйба алмашып, бул чөйрөгө тиешелүү болгон окуу жана усулдук адабияттар, ченемдик актылар менен таанышып турушат. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында КМШ аймагында ата-энеси же аларды алмаштырган адамдары жок жүргɵн 16 жашы жете электер атайын борборго жеткирилген.
Кайтарылган жашы жете электер менен алардын жашоо-шартын, үй-бүлɵдɵгү тарбиясы жана башка мамлекеттин аймагында болуунун себептерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, аларга келген ата-энелерине же аларды алмаштырган мыйзамдүү ɵкүлдɵрүнɵ тапшырылды.