Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда зордук-зомбулуктардын алдын алуу иш-чарасы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда зордук-зомбулуктардын алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

25-ноябрдан 11-декабрга чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясы өткөрүлүүдө. Акциянын алкагында милиция жер-жерлерде профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Алсак, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын, аймактык оорукананын, социалдык жана үй-бүлө, балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте "Зордук-зомбулуксуз жаркын жашоо" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө укук бузууларга бөгөт коюу, кылмыштуулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы мектеп рекетчилигинин, эрте никеге туруунун, үй-бүлөлүк жана жаш балдарга карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары Кербен шаарынын борборунда ЖАМУ колледжинин студенттери жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте жөө жүрүш уюштурулду. Жөө жүрүштүн катышуучулары колдоруна зомбулуктардын алдын алууга багытталган лозунгдарды район борборунан көтөрүп өтүштү.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын Балдар экологиялык борборунда зордук-зомбулуктарга каршы акция өткөрүлдү. Анда балдарды коргоо бөлүмүнүн, Жалал-Абад ШИИБдин ЖИИнин инспекторлору менен биргеликте иш-чарага катышкандар ортосунда талкуулар орун алды. Соңунда мектеп окуучуларына, студенттерге брошюралар таратылып берилди.