Бишкек мэриясы таштандыны жер алдында чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат. Аны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылайт.
Тиешелүү жабдуулар 6 миллион сомдон ашуун каражатка сатып алынары жөнүндө жарыя Мамлекеттик сатып алуулар сайтына 3-декабрда илинди. Тендерге ылайык, арыздар 17-декабрга чейин кабыл алынат, талапкер акыркы эки жылда ушул сыяктуу үчтөн кем эмес келишимдерди аткарган болушу керек. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, заманбап технологиялар таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Көчөлөр эстетикалык жактан көркүнө чыгып, таштанды контейнерлеринин тегерегинде жагымсыз жыттар болбойт. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Бишкектин жанындагы жаңы санитардык полигондун курулушуна да колдоо көрсөткөн.