Жаңылыктар
УКМК: Октябрь РИИБ кызматкери издөөгө алынды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Октябрь РИИБ кызматкери издөөгө алынды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Атайын кызматка жаран Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылды. Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. УКМК бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702 23 32 43 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга кайрылууларын өтүнөт:

• Чүй облусу: (0312) 54-07 19:

• Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

• Ош облусу: (03222) 2-30-78;

• Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

• Талас облусу: (03422) 5-20-43;

• Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

• Баткен облусу: (03622) 5-00-33.