Жаңылыктар
КР - РФ: Кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 4-жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
КР - РФ: Кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 4-жыйыны өттү

Бишкекте Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Орусиянын Свердлов облусунун өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 4-жыйыны өттү. 

Анын жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын ортого салышып, Кыргызстан менен Свердлов облусунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары боюнча маселелерди көтөрүштү. Эки мамлекттин алакасын достук мамиле, жалпы тарыхы гана бириктирбестен, маалымат алмашуу, маданий-гуманитардык жана стратегиялык өнөктөштүк дагы чыңдалып келет. 

Өзгөчө мамлекеттер аралык мамилелер Кыргызстан менен Урал федералдык округунун аймактар аралык кызматташтыгынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизгени белгиленди. Жыйынга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери менен ведомстволорунун, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттеринин өкүлдөрү катышты.