Жаңылыктар
Аз камсыз болгондорго жарыкка болгон тариф төмөндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Аз камсыз болгондорго жарыкка болгон тариф төмөндөдү

Президент Садыр Жапаровдун "Аз камсыз болгон жарандарды электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык мындан ары муктаж болгон жарандар электр энергиясы үчүн жеңилдетилген баа менен төлөшөт. 

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү механизмдерин иштеп чыгууну тиешелүү министрлик, мекемелерге тапшырган.