1-январдан тарта социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамак-ашка бөлүнө турган акча 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлык ата-энесинин көзөмөлүсүз калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын, улгайган адамдардын тамактануусунун сапатын көтөрүү максатын көздөйт.