Жаңылыктар
Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

Жаңы жылдан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чабык жерлерге салык төлөнбөйт. Бул иш өкмөткө жүктөлүп, республикалык казынадан төлөнүп турат. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөгү 6 пайыз болгон насыялар бериле баштайт. Өлкө башчысы негизги максат дыйкандарга шарт түзүп, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу экендигин белгилейт. 

Буга чейин жерлердин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген болсо, мындан ары сугат жерлерди иштетүүгө өзгөчө көңул бурулат. Жергиликтүү бийликтегилер - айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт баштары менен жооп бере тургандыктарын мамлекет башчысы кошумчалайт.