Жаңылыктар
ӨКМ: Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 12,2 пайызга өстү
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 12,2 пайызга өстү

ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын маалыматында 2021-жылдын 11 ай ичинде республика боюнча 2 801 өрт кырсыгы катталып (2020-ж. 2 497 өрт), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 12,2% өскөн.

Өрттүн кесепетинен 33 адам каза тапкан. (2020-жылы 30 адам), жана 44 адам жабыркаган (2020-жылы 28). Тилсиз жоодон 29 адам куткарылып, 19 млрд. 236 млн. 638 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1820 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 35 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:

 -  электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 1133 (18,8%);

 -  мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 265 (13,2 %);

 -  отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 476 (-14,1);

 -  балдардын от менен ойноосуунан – 188 (-13%), өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

Чүй облусунда - 705;

Бишкек шаарында – 454 өрт;

Баткен облусунда - 391 өрт катталган.

Жалал-Абад облусунда - 387;

Ош облусунда - 295;

Ысык-Көл облусунда - 280;

Нарын облусунда - 117;

Талас облусунда - 92;

Ош шаарында - 80;

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

• бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

• күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

• балдарды кароосуз калтырбагыла;

• күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

• электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

• тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз,- деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.