Ооган студенттерине Бишкектеги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун академиясында билим алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаганын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге уюмдун башкы катчысы Хельга Шмид билдиргенин Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси маалымдады.
Казакбаев менен Шмиддин жолугушуусу Стокгольм шаарында ЕККУнун башкы дипломаттарынын жыйыны алкагында 3-декабрда өттү. Анда Ооганстандагы соңку кырдаалга байланыштуу уюмдун Бишкектеги академиясынын ролу жогорулаганы белгиленди. Канча студент келип окуй турганы азырынча айтылган жок. Башкы катчы ооган жергесиндеги окуялар Борбор Азия аймагына таасир этпей койбосун белгилеп, ЕККУ бул аймактагы өлкөлөргө чек араны бекемдөө, маңзат бизнесине жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу иштерине жардам берүү программасын кеңейтүү тууралуу чечим кабыл алганын кошумчалады.
Кыргызстан ЕККУ менен кызматташтыгын 29 жыл мурда баштаган. Бул уюмга мүчө өлкөлөр кезек-кезеги менен төрагалык милдетти аткарышат.