Жаңылыктар
Кыргызстанда 6-декабрга карата коронавирус 34 адамдан аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 6-декабрга карата коронавирус 34 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 6-декабрга карата коронавирус дагы 34 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 26, Ош шаарында - 1, Ысык-Көл облусунда - 5, Баткен облусунда - 2 адамдан вирус жаңы табылды. 

Ал эми бир суткада 49 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 373 бейтап, амбулатордук түрдө 382 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 649 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 178 миң 651 киши айыгып чыкса, 2 миң 760 адам каза болду.