Жаңылыктар
Нарында жол кырсыгынан эки адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жол кырсыгынан эки адам каза болду

Нарында BMW унаасы кырсыкка учурап, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсык 6-декабрга оогон түнү Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда катталган. Унааны башкарып бара жаткан айдоочу жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир эркек, бир аял киши каза болду. 

Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине төрт куткаруучу, милиция кызматы жана тез жардам тартылган.