Жаңылыктар
COVID-19: Бир суткада 5447 адам вакцина алды
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Бир суткада 5447 адам вакцина алды

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 5 миң 447 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 552 адам вакцинанын биринчи, 5 миң 895 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 135 миң 451 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 915 миң 439 жаран экинчиси менен эмделди.