Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан Президент Садыр Жапаровдун атына Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат орундарына 9 талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 7 талапкерге, жалпы 16 талапкерге сунуштар түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Мамлекет башчынын жогоруда аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди. Ага ылайык, Баткен облустук сотуна - Кундуз Абышова, Кадамжай райондук сотуна Улан Ажиматов менен Илязбек Тажибаев, Лейлек райондук сотуна Эльярбек Абдимиталипов, Сүлүктү шаардык сотуна Гүлзат Эрматова , Кызыл-Кыя шаардык сотуна Акылбек Адимов,
Кара-Суу райондук сотуна Элчибек уулу Гуламидин, Ош шаардык сотуна Ниязбек Турдалиев, Ноокен райондук сотуна Чыңгыз Чоноев, Жалал-Абад шаардык сотуна Жоомарт Ганиев,
Чүй облустук сотуна Нурзат Кыдыралиева, Талас шаардык сотуна Дамир Суйналиев, Бишкек шаардык сотуна Нурия Бекбаева, Минура Накешова, Шарабидин Токтосунов дайындалды. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.