Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова атаандашы Ханум Велиеваны жеңип алды
Кыргызстан жаңылыктары
Мээрим Жуманазарова атаандашы Ханум Велиеваны жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Россияда өткөн “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” спорттук күрөш боюнча супертурниринде атаандашы Ханум Велиеваны жеңди.

Жуманазарова 68 кг салмакта россиялык Ханум Велиевага каршы килем үстүнө чыгып, 3:2 эсебинде артыкчылык менен жеңди. Супертурнир 3-декабрда Москвада өттү. Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Ханум Велиеваны жеңип, финалга чыккан. 

Көп өтпөй россиялык машыктыруучулар бул беттеште калыстарды күнөөлөп, упай туура эмес көрсөтүлгөнүн айтып, нааразы болгон. Ал эми Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөштө япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздап, дүйнө чемпиону болгон.