Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар стратегиялык кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан ары карай өнүктүрүү маселесин талкуулады. Анда Бишкек шаарында Кайчылаш жылдын жабылыш аземин өткөрүү, 2022-жылдын февраль айында Москвада Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштуруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, жолугушуу алкагында Россия Федерациясынын Федералдык салык кызматынын салык башкаруу методологиясын колдонуу боюнча бетачары өткөрүлдү.