Жаңылыктар
Бишкекте улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган көргөзмө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган көргөзмө башталды

Бишкекте улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган көргөзмө башталды. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулган иш-чара 10-декабрга чейин уланат. 

Анда сүрөтчү Алтынай Осмоеванын улуттук иденттүүлүктү сактоо тууралуу ой толгоосу чагылдырылган. Бүгүнкү ааламдашуу мезгилинде заманбап талаптарды улуттук баалуулуктар менен айкалыштыруу максаты турат. Көргөзмөдө көчмөн кыргыз элине тиешелүү табигый кездемелерден жасалган буюмдар элдин назарына коюлду.