Жаңылыктар
Кыргызстан ЖККУнун алкагында бардык чөйрөлөрдө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан ЖККУнун алкагында бардык чөйрөлөрдө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар

Швециянын Стокгольм шаарында ЕККУнун министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алкагында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. 

Анын жүрүшүндө аймактагы абалга терс таасирин тийгизген маселелер, ошондой эле ЖККУнун алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Казакбаев кээ бир келишимдер тилекке каршы аткарылбай жатканын белгилеп, ЖККУнун алкагында өнөктөштүктү бекемдөө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тиешелүү механизмди иштеп чыгуу зарылдыгына Засьтын көңүлүн бурду. Кыргызстан ЖККУнун алкагында бардык чөйрөлөрдө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар экенин айтты.