4-декабрь Кыргызстанда "Манас" эпосунун күнү. "Манас" үчилтиги 2013-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген. Ушул күндүн урматына эпос күнүн белгилөө тууралуу чечим өкмөт тарабынан 2015-жылы 27-апрелде жарыяланган.
"Манас" эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат. Эпос англис, немец, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, жана бир катар түрк тилдерине которулган.
"Манас" эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннестин "Рекорддор" китебине кирген. 1995-жылы Кыргызстанда "Манас" эпосунун миң жылдыгы чоң салтанат менен белгиленген.