Жаңылыктар
Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бириктирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бириктирилет

Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бириктирилет. Ал үчүн өлкө башчысы "Мамлекеттик бийлик  органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Аталган документ мамлекеттик бийлик  органдарынын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатын көздөйт.

Президенттин жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бириктирилип, бир гана Президенттин иш башкармасы түзүлөт. Ал Президенттин жана анын администрациясынын, Парламенттин, Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

Азыркы абалды эске алуу менен республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча бир нече чараларды ишке ашыруу каралууда. Алсак, Президент республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул документте эл өкүлдөрүнүн маянасы 25 миң сом, төраганын айлыгы 30 миң, вице-спикердики 27 миң болсо, фракция лидерлери, комитеттердин башчылары 26 миң сом алмай болууда. Коомдук ишмерлер өлкө башчынын бул кадамын чыныгы мамлекетке кызмат кылам деген депутаттардын келишине шарт түзөрүн белгилешүүдө.

Депутат - бул элдин кызматкери. Алар шайлоочулардын тандоосу менен мандат алган соң калкка кызмат кылуулары керек. Эгемендик жылдардын башында Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүн “эл кызматкери” деп атаган учур болгон. Бара-бара мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү ар кандай жеңилдиктерге ээ болуп алышкан. Президенттин Жарлыгы менен аларга берилип келген кызматтык турай жай, унаалар алынып салынмай болду. Ал эми, колдо бар кызматтык батирлер үйү жок парламентарийлерге бөлүштүрүлөт.

Айрым маалыматтар боюнча депутаттар жыл сайын кышка даярдык үчүн 35 миң сом алып келишкен. Жалпысынан 1 жылга 1 депутатка 3 миллиондон, 3 жарым миллион сомго чейин каражат коротулат. Мындай чыгашаларды чектөөнү буга чейинки депутаттар дагы сунушташкан. Албетте андай демилге көпчүлүккө жаккан эмес.

Бул ыкманы “Мамлекет каражатына карап иш кылыш керек” деген принцип менен мүнөздөсө болот. Бул башка өлкөлөрдө татаал экономикалык реформаларды өткөрүү мезгилинде ар дайым ийгилик менен колдонулуп келген. Муну менен мамлекеттик аппаратты кармаш үчүн коротулган мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кескин үнөмдөөгө болот.