Жаңылыктар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленди

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү Бишкек шаардык реабилитациялык борборунда да белгиленди. Мында 3 жаштагы балдардан баштап, 70 жашка чейинки 400 жаран бар. 

Аларга майрамдык маанай тартуулоо максатында, концерттик программа уюштурулду. Мындан сырткары борбордун тарбиялануучулары өздөрү да ырдап, бийлеп, баалуу белектерге ээ болушту. Аталган реаблитациялык борбор 1999-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды калыбына келтирүү үчүн тиешелүү шарттын баары каралган. Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, майыптуулугу бар жарандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Алардын саны 2008-жылдан 2015-жылга чейин эле 120 миңден 173 миңге өскөн. Анын 28 миңи кичинекей балдар. Жыл сайын өлкө боюнча 650-700 балага шал оорусу диагнозу коюлат.