Ички иштер министрлигинин жыйындар залында "16 күндүк зомбулуксуз жашоо" акциясына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Билим берүү жана илим министрлигинин, кайрымдуулук фондунун жана мектептердин өкүлдөрү катышты.
Ички иштер министринин орун басары коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы көз карашын калыптандыруу, жарандардын зомбулуктун бардык түрлөрүнө карата түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу керектигин белгиледи. Белгилүү болгондой, Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде биринчилерден болуп "Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык, коркунучтуу жана кабыл алынгыс көрүнүштөр менен ар бир адам күрөшүүгө тийиш.
Иш-чара Аламүдүн районундагы Лебединовка мектеп-гимназиясынын окуучулары тарабынан тартууланган театрлаштырылган концерттик программа менен жыйынтыкталды. Ошондой эле, жаш муунга социалдык роликтер көрсөтүлүп, эстелик белектер тапшырылды. Ички иштер министрлигинин административдик имаратына жана Наматбаев атындагы ИИМдин музейине экскурсия уюштурулду. Окуучулар ИИМдин басма сөз кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө боюнча модернизацияланган борборун көрүп, милициянын тарыхы, иши жана негизги функциялары менен тааныша алышты.
Соңунда катышуучулар мемориалдык тактага гүл коюп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине таазим кылышты. Иш-чаранын негизги максаты - ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен өсүп келе жаткан муундун ортосунда ишенимдүү мамилени түзүү.