Жаңылыктар
Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат

Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди. 

Анын айтымында, ишкана менен өзбекстандык Toshelectroapparat компаниясы ортосунда меморандумга кол коюлган. Алар Кыргызстанда атайын цех ачып, акылдуу эсептегичти чыгарууга милдеттенме алган. 

"Кыргызстанда 1 млн 230 миң акылдуу эсептегичти жакын арада орнотуу керек. Өзбекстадык компания жардам беребиз деп жатат. Учурда Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунан каржылоо боюнча сүйлөшүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле кытай тарап да завод курууга кызыкдар болууда. Регламентке жана биз тараптан койгон баага жооп берген компания менен иштешебиз", - деди Байгазиев.