Борбор калаада "Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!" аталышындагы көргөзмө өтүүдө. Бул 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акциянын алкагында уюштурулду.
Көргөзмөдө зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын чыныгы окуяларына негизделген 32 эмгек тартууланды. Алар кыргызстандык 16 сүрөтчүгө таандык. Уюштуруучулардын айтымында, искусство аркылуу аялдарга карата жасалган зомбулук көйгөйүн элге жеткирүү, көңүлүн буруу максатын көздөйт. Көргөзмө 10-декабрга чейин уланат. Каалоочулар "Эмен багындагы" галереядан көрө алышат.