Жаңылыктар
Манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдык маарекесине карата жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдык маарекесине карата жыйын өттү

Баш калаада көрүнүктүү манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдык маарекесине карата жыйын өттү. Самаалык 4-декабрь - "Манас" күнүнө карата уюштурулду. 

Иш-чарада "Манас" эпосун даңазалоо жана мындан ары жайылтуу тууралуу бир топ ойлор ортого салынып, Сейдракмановдун шакирттери эпостон үзүндү айтышты. Иш-чаранын максаты - искусство тармагында жана өнөр багытындагы залкар таланттарды жаш муундарга таанытып, алардын басып өткөн өмүр жолуна саресеп салуу. 

КРнын эмгек сиңирген артисти Назаркул Сейдракманов "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөн эл аралык кароо сынактын баш байгесинин жана "Манас" атындагы медалдын ээси. Ал өлкөдө эле эмес, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө манас айтуу чеберчилигин көрсөткөн.