Жаңылыктар
ЖЭБ-2 конушунун айланасындагы тургундар жер тилкелери үчүн кызыл китеп ала баштады
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБ-2 конушунун айланасындагы тургундар жер тилкелери үчүн кызыл китеп ала баштады

ЖЭБ-2 конушунун айланасындагы тургундар жер тилкелери үчүн кызыл китеп ала баштады. Аталган аймакты калктуу конуштардын категориясына киргизүү тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду. 

Буга чейин мамлекет башчысы аталган конуштун тургундары менен жолугушуп, көп жылдан бери чечилбей келген маселеге чекит коюларын убада кылган.

Турак жайын мыйзамдаштыра албай келген Экинчи жылуулук борборунун айланасында жашаган тургундардын көп жылдан берки тилектери орундала баштады. Алардын колуна эми мүлктүн ээси экенин күбөлөндүргөн документтер тиет.

ЖЭБ-2нин айланасы Орок айылына карайт. Квартал жетекчилери, көчө башчыларынан турган комиссия түзүлүп, айыл өкмөтүнүн имаратында иш алып барышууда. Алар конушту кагазга түшүрүп, кайсы тилке кимге таандык экенин тактап чыгышкан. Кээде таң эрте башталган жумуш түнгө чейин уланууда. Себеби конуш тургундары бул күндү жылдап күтүшкөн.

Мыйзамдаштырылып жаткан жүздөгөн жер тилкелерин, турак-жайларды тактап чыгуу зарыл. Жергиликтүү жетекчилердин убакыты учурда дал ушул ишке сарпталууда. 

Президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасындагы жашоочулар менен 15-ноябрда жолугуп, тиешелүү жетекчилерге тургундардын узак жылдардан бери талап кылып келаткан көйгөйүн чечүүнү тапшырган.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы - Президенттин Администрация Жетекчиси Акылбек Жапаров муниципалдык менчикте турган ЖЭБ-2нин айланасындагы 47 гектардан ашуун жерди трансформациялап, калктуу конуштардын категориясына кошуу чечимине кол койду. Шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 миллион сом бөлүнөт.