Жаңылыктар
"Мегаком" компаниясы кирешесин көбөйтүүнү улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Мегаком" компаниясы кирешесин көбөйтүүнү улантууда

“Мегаком” уюлдук байланыш түйүнү 15 жылдан бери иштеп келет. Мекеме мурдагы жылдары 2-3 млрдга чейин таза киреше берип келсе, 2-3 жылдан бери пайданын көлөмү 500 млнго түшүп калган. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирген. 

Жогоруда айтылып жаткан 1 жарым миллиард сом кызматкерлерди оптималдаштыруу жана өндүрүшкө тиешеси жок чыгашаларды кыскартуу менен түшкөн. Мегакомго келген жаңы жетекчи кирешелерин дагы көбөйтүүнү максат кылууда. 

Өлкө башчы бул сыяктуу мамлекеттик мекемелерден керек болсо күнүгө отчет алып туруу керектигин белгилеген. Саясат талдоочулар да кайсы ишкана кандай багытта иш алып барып жатканы катуу көзөмөлдөнсө эле туура иш жүргүзүлөрүн айтышууда. 

Өткөн жылдан бери Мегакомго байланыштуу сот иштери президенттин жеке көзөмөлүндө турган. Натыйжада жакында эле он жылдан берки соттук талаштарга чекит коюлуп, Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотто "Мегаком" уюлдук операторуна байланыштуу ишти утуп чыкты. Доочу өзүнүн инвестицияларын Кыргызстанда коррупциялык жол менен алгандыгына байланыштуу, арбитрлердин курамы доочунун талаптарын алгылыксыз деп эсептеген. 

Адистер ата мекендик компаниянын эл аралык сотто утушка ээ болгону өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртарын белгилешүүдө. 

Эске салсак, Британиядагы "Пенвелл Лимитед" компаниясы 2017-жылы Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, Кыргызстан “Мегаком” компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган. Ошондон бери 298 миллион доллар өндүрүүнү талап кылып келген.