Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык маянасы жана аларга кеткен чыгымдар кыскартылат. Президент Садыр Жапаров бул шартты бекемдеген "Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Буга чейин эл өкүлдөрүнө турак жай үчүн кенемте төлөнүп келсе, жарлыкка ылайык компенсация жана кызматтык унаалар берилбейт. Ошол эле учурда Президенттин жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыктары бириктирилди.