Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 1-декабрда Стокгольм шаарында ЕККУнун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу боюнча ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алдында өткөрүлгөн формалдуу эмес жолугушууга катышты.
Руслан Казакбаев өз сөзүндө ЕККУнун коопсуздуктун үч негизги өлчөмүн ишке ашыруудагы тең салмаксыздыктан келип чыккан туруктуулукту камсыздоодогу жана жаңжалдарды басаңдатуудагы Уюмдун ролунун төмөндөп баратканына байланыштуу ЕККУ ачык жана тең укуктуу диалог жүрүүчү аянтча катары өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бара жатканын өзгөчө белгиледи. Кыргыз тарабынын пикири боюнча Уюмдун мүчөлөрүнүн арасындагы ишенимдин кризиси анын негизги көйгөйлүү аспектилеринин бири бойдон калууда, ЕККУнун алкагындагы милдеттердин анын катышуучу мамлекеттери тарабынан аткарылуусуна байланышкан маселелерди, айрым учурларда, ЕККУнун бир мамлекеттери экинчи мамлекеттерине каршы саясий максатта колдонууда.
Мындай жагдайлар Уюмдун ичиндеги карама каршылыктарды күчөтүп, анын эл аралык аренадагы аброюна зыян келтирет. Казакбаев, Афганстандагы окуялар боюнча эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ЕККУга катышуучу мамлекеттердин Афганстандын калкына социалдык-экономикалык жана гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча токтоосуз аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.