Акматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылды.
Мурда маалымдалгандай, УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда, буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.
Бирок, 1-декабрда социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган. Буга байланыштуу Келдибековдун видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакырылды.