Жаңылыктар
УКМК: Коррупциялык схемаларды уюштургандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Коррупциялык схемаларды уюштургандар кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт, коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. 

УКМКдан билдиришкендей, 1-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга керектөөчү товарларды импорттоодо коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысы боюнча Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кармалды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын "Ак-Тилек" салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын алуу фактысы боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган ведомстволордун кызматкерлери кармалып, жеткирилген, алардан маркаланган акча каражаттары түрүндөгү буюм далилдери табылган. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында Чүй облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспекторунун "Хонда" үлгүсүндөгү унаасынан "Ак-Тилек" товарларды салыктык эсепке алуу пунктунун айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү документтери жок же баасы төмөн бааланган товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн сый акы катары системалуу түрдө алынган 114 миң 300 сом накталай акча каражаты табылды. 

Бул өз кезегинде салык төлөмдөрүнүн жетишсиздиги түрүндө мамлекетке чоң зыян келтирет. УКМК тарабынан жогоруда аталган адамдардын катышуусунда комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине юридикалык баа берилип, Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгарылат.